Англиянын Эссекс аймагында жүк ташуучу унаадан жансыз денелери табылган 39 адам Кытайдын жарандары болгон. Бул тууралуу BBC News өздүк булактарына таянып жазып чыкты.
Андан тышкары жансыз денелер жүк ташуучу унаанын рефрижераторунан алынып чыкканы да маалым болду. Трейлерде температураны муздатуу системин иштеткен учурда аба 25 градуска дейре суук болору да айтылган.
Учурда бул окуяга байланыштуу түрдүү версиялар жазылууда. Айрымдар бул адам сатып бизнес кылгандардын иши десе, кээ бири Англияга мыйзамдуу жол менен өтүү татаал болгону үчүн мигранттар ушундай ыкманы тандап алышкан дешүүдө.
Буга чейин Грейс шаарчасында токтоп турган унаанын ичинен 39 адамдын жансыз денеси табылган. Полиция тарабынан унаанын 25 жаштагы айдоочусу кармалган. Ал киши өлтүрүүгө шектелүүдө. Жүк ташуучу унаадан 38 чоң кишинин жана бир өспүрүм баланын сөөгү табылган.