Бишкек-Торугарт жолунда Чолпон-Атага каттаган маршруттук такси оодарылып кетти

Бишкек-Торугарт жолунда Чолпон-Атага каттаган маршруттук такси оодарылып кетти. Чүй облустук Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдиргендей, окуя бүгүн, 24-октябрда саат 14:00 чамаларында болгон.

Бишкек-Торугарт жолунун 38-чакырымында Чолпон-Атага бара жаткан "Мерседес-Бенц Спринтердин" айдоочусу унааны башкара албай калган. Жыйынтыгында унаа жолдон чыгып кетип, оодарылып кеткен.

Учурда жеринде милиция кызматкерлери иш алып барып, жол кырсыгынан жабыр тарткандардын санын тактап жатат.

Бишкек-Торугарт унаа жолунда эл ташыган маршрут оодарылып калды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
adiaza
2019-10-24 17:52:24
Ушул маршруттук микроавтобустарга чекто киргизиш керек ылдамдыгына, мен коп байкайм дайыма 100 км кем айдашпайт, жол эрежесин такыр эле сакташпайт встречкага да чыга беришет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан