Кыргызстанда түрмөдөгү жарандардын тамак-ашына жылына 186 миллион сом бөлүнөт
Кыргызстанда түрмөдө камалган жарандардын
тамак-ашына жылына 186 миллион сом бөлүнөрүн Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы
билдирди. Маалыматка ылайык, ар бир кылмышкерге күн сайын 78,11 сом бөлүнсө, ооруп жаткан
түрмөдөгү жарандардын тамагына күнүнө 137,67 сом бөлүнөт. Учурда ЖАМКнын системинде
5 СИЗО, 11 түзөтүүчү колония, 14 жатак-абактар бар.