Депутат Кожобек Рыспаев "парламентке ток адамдар келиши керек" деп эмненин негизинде айтканын түшүндүрүп берди.
"Журналисттер "Парламентке жалаң акчалуу адамдар эле келиши керекпи?" деп суроо беришти. Анда мен парламентке үй-бүлөсү ачка эмес, мамлекетке кызмат кылам деген адамдар келсе жакшы болот эле деп жооп бердим. Депутат болом дегендер көбөйүп кетти. Ал үй-бүлөсүн багабы же элге иштейби? Ошон үчүн мамлекеттик кызматта жүрүп байыбаган, өзүнүн ак эмгеги менен акча тапкан адамдар келсе туура болот. Ток адамдар деп жалаң байлар келиши керек дегенди түшүндүрбөйт. Ар бир адамдын эл үчүн иштей турган убактысы келет. Мисалы, мен 50 жашка жакындап калганда бала-бакырамды камсыз кылып, парламентке келдим. Аялым, балдарым ачка болсо элге кантип кызмат кылмак элем?", - деп Рыспаев SUPER.KG порталына билдирди.