Орусия менен Түштүк Африка биргеликте курал-жарак чыгарышат

Орусия менен Түштүк Африка биргеликте курал-жарак жана аскердик техника чыгарууну пландоодо. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.

Ага ылайык, Орусия ушул тармакта Түштүк Африка менен болгон кызматташууну бекемдегиси келгендиги айтылган.

"Эки мамлекет бул долбоордун алкагында курал-жарак жана аскердик техника чыгарууну пландап жатат. Эгер өндүрүш ишке кирсе, эки өлкөнүн армияларынан тышкары, башка кызыккан мамлекеттерге да багытталат", - деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, Түштүк Африка коргоо өнөр жай тармагындагы Африканын эң өнүккөн өлкөсү катары саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан