Казакстандын Алматы шаарында 24-октябрда мейманканалардын биринде 6 жаштагы кыз каза болду. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, 23-октябрда шаардагы мейманканалардын бирине чет элдик жаран аялы жана кызы менен жайгашкан.
"24-октябрь күнү таңга маал адамдар эркек киши менен аялдын ортосунда чыр болуп жатканын угушкан. Мейманкананын администрациясы полиция кызматын чакырган. Алар келгенде бөлмөдөн 6 жаштагы кыздын жансыз денесин көрүшкөн. Алдын ала аныктама боюнча, кыз муунуп каза тапкан. Кылмышка шектүү катары анын атасы кармалды", - деп жазылат маалыматта.
Учурда тергөө иштери жүрүүдө.