Орусиялык спорт баяндамачысы туура эмес сүйлөп, өзбек элин таарынтып алды

Орус спорт баяндамачысы Геннадий Орлов “Спорт-Экспресс” гезитине берген маегинде, өзбек чабуулчусу Элдор Шомуродов жөнүндө оюн туура эмес билдирип алган. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазышты.

Баяндамачы “ал өзбек, бирок анын футболдук интеллекти орус форварддарына караганда жогору”, - деп айтып алган. Муну уккан өзбек эли ага карата каардуу комментарийлерди жаадырып баштаган.

“Менин айткан сөздөрүмдүн улуттук өзгөчөлүккө тиешеси жок. Интеллект тууралуу билдиргеним бир гана футболго тиешелүү. Мен улуттарды эмес, бири-биринен айырмаланып турган орус жана өзбек футбол мектептерин айткам. Мен “Ростов” клубунун оюнчусу Элдор Шомуродовдун чеберчилигине баа берип, аны мактоо иретинде комментарий бергем”, - деген орус баяндамачысы.

24 жаштагы өзбек футболчусу Элдор Шумородов 2017-жылдан бери Орусиянын “Ростов” футбол клубунда ойноп келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
katerina.li
2019-10-25 10:35:58
Тушунгон кишиге мактоо иретинде айтылыптыр
+13
Aimani
2019-10-25 15:15:21
katerina.li,бир футболчуну мактап, бирок өзбек элин кемсинтип айткан экен. Интеллект орустарга караганда төмөн деген мааниде
+2
lightning57
2019-10-25 16:58:08
katerina.li, Орустардын азияттарга негизи конулу тарта бербейт.Оюнда жакшы нерсе болсо он узбек деп отурбай ,биздин футболчуларга караганда жакшы ойнойт деп айтмак.Тушунгон адамга кемсинткени билинип эле турат .
+5
keku00
2019-10-25 10:58:37
Актанган менен эмне, алар оздорун дагы деле падышанын мамлекетинде жашагандай сезишет. Устун коюшат оздорун, муну мигрант бир туугандарым жакшы тушунушот!
+10
Jango
2019-10-25 11:13:03
Туура эле айткан бул жерде эч кандай жаман соз окуган жокмун
+5
elchi84
2019-10-25 11:29:29
Мактоо иретинде айтылган сөз экен го эмне түшүнбөй калышты бекен.
+3
KAYRATBEK
2019-10-25 14:39:58
Кайсыл жерин одоно суйлоптур? Мактоо эле айтыптырго.
+1
KAYRATBEK
2019-10-25 14:43:50
Ал Орус.... бирок орус форвардарына караганда жакшы деш керек беле? Озбекти "Ал озбек" дейтта. Жоок ал Орус дебейтко акыры.
-2
Margo82
2019-10-25 14:46:30
Мактаган,бирок кыйын орустарга караганда каяктагы Бир озбек деп баарыбир 2 орунга койгон да.
+2
katerina.li
2019-10-25 16:39:23
Стакандын жартысына суу куюп элге коргозсо,бироолору "стакан жартысына чейин толтура дешсе,бироолор"стакан жартысына чейин боксо" деп айтыщат. Жаман киши жаман тушунот. Жакшы киши жакшы мааниде тушунот. Озбектер чынында эле орустардан начар ойношот. Кыргыз,казактар дагы аны моюнга алыш керек .
-2
lightning57
2019-10-25 17:05:59
katerina.li,Орустар да футболду кыйратпайт го!? Узбекистан чынында мыкты, мамлекеттин футболду колдоосу,стадиону,оюн тактикасы.Биз журобуз канча жылдан бери жудогон кичинекей эле батпаган стадиондо.Аталарыбыз качан соз берген стадионду кыйратып салабыз деп.Каяктагы даже каерге курушту ойлоно элек,элди бир чертаж менен алдап журушот.
+2
katerina.li
2019-10-25 19:07:22
lightning57,кыйратат дебедим,бирок биздикилерден ойдо турат,ошону моюнга алыш керек дедим
-2
Nurgazy80
2019-10-25 18:15:32
Элдар жакшы ойнойт чынында, биздин Ильзат дагы биринчи голду киргизди.
-3
Skarlett-Skarlett
2019-10-25 22:32:48
Россияда бары бир улут болушот.Бары бир нерусский деп кем корушот.Ал эми Америкада андай улут болуу жокко эсе деп айтышат.Бул Россиянын онуго электигинен кабар берет.Элдердин ан-сезими жапайычылыктан дагы деле чыга электигин далилдейт.Бизде андан да жаман улут болуштуробуз(((
+4
Birimdik5555
2019-10-26 02:29:09
Бул дагы эми кечирип койунуздар дебесе эле
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан