Ирандын Урмия шаарында Азия чемпиондугуна тандап алуу оюндары башталды. Кыргыз өлкөсү алгачкы оюнда Түркмөнстан менен кез келди.
Оюнда түркмөн спортчулары 2:0 эсебинде алдыга чыккан. Бирок экинчи таймда кыргыз футзалчылары 3 гол киргизгенге жетишти. Арстанбек Турсунов бир гол жаратса, Юлдаш Салимбаев эки жолу айырмаланган. Жыйынтыгында оюн 3:2 эсебинде Кыргыз өлкөсүнүн пайдасына чечилди.
Эми 3-турдук оюнда Кыргыз өлкөсү Иран менен ойнойт.