Чолпон-Атада шаардык кеңештин депутатынын катышуусундагы жол кырсык боюнча экспертизанын жыйынтыгы чыкты

7-июлда таңга маал Ысык-Көл облусунун Бактуу-Долоноту айылында BMW Х7 жана Lexus ES300 унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталып, 4 адам каза болгон. Бул кырсык боюнча даярдалган экспертизанын жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Автотехникалык экспертиза жол кырсыктын болушуна BMW Х7 унаасынын катуу ылдамдык менен баратканы себеп болгону аныкталды. Мындан улам унаанын айдоочусу болгон Х.Э. аттуу жаран 13-октябрда 48 саатка камалып, Каракол шаардык сотунун чечими менен анын баш коргоо чарасы каралып, ал үй камагына чыгарылды. Учурда тергөө иштери уланууда", - деп билдирет басма сөз кызматкери Сталбек Усубакунов.

BMW Х7 жана Lexus ES 300 үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. BMW Х7 унаасын 1996-жылы туулган Х.Э. аттуу бала башкарып, ал эми Lexus ES 300 унаасын 1995-жылы туулган Бишкек шаарынын тургуну Б.Н. башкарып келе жатканы айтылган. Ал жолдун ортосунан бурулуш жасайм деп кырсыкка кабылып, анын кесепетинен Lexus ES 300 унаасынын айдоочусу, андан тышкары 1995-жылы туулган Д.Н. жана Б.Б. аттуу 2 жүргүнчүсү каза болгон. Андан кийин дагы бир жүргүнчүсү ооруканадан каза болгон. BMW Х7 унаасынын айдоочусу жана жүргүнчүсү жаракат алган эместиги айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
muras111211
2019-10-25 13:10:02
Алиярбек Абжалиевтин баласы катышкан жол кырсык беле бул?
+3
tular
2019-10-25 15:04:34
muras111211, атасы акча бердида, болбосо үй камагына кантип чыксын!!!
+1
nurbek11
2019-10-25 13:15:51
Ооба ошол жол кырсыгы.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан