Клиптеги баш каарман ырчы Нэнанын колун сурады. Ырчы буга эмне дейт?

Белгилүү ырчы, өзгөчө үндүү Нэнанын жеке жашоосунда өзгөрүүлөр болгон көрүнөт. Ырчы өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында шакектин жана өзүнүн клибинде роль жараткан баш каарман менен түшкөн сүрөтүн жүктөгөн. Ырчынын күйөрмандары болсо көптөгөн суроолорду беришип, эки инсанга бакыт каалап өткөнгө да жетишкен.

Нэна жакында эле өзүнүн жаңы "Сенин жаныңда" аттуу клибин эл назарына коюп, анын бет ачарын өткөргөн. Экстрималдуу кадрларга толгон видеоклипти биринчилерден болуп көрүү үчүн сахналаш достору, ыр жана клиптин үстүнөн иштегендер келген.

Ырчы менен байланышканыбызда ырчы клиптеги башкы каарман ага алтын шакек тартуулаганы чын экенин айтып, калган маалыматты коомчулукка жарыялабоону чечкенин билдирди.

Аскадан секирип, вертолётто учкан Нэна
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Alia82
2019-10-25 14:05:08
Экоо окшош экен, тус бириксе жол болот деп коюшат го, бактылуу болгула
+9
lightning57
2019-10-25 16:37:52
Мобул ХХХХ тааныгандай болуп жатам.

Эмнеси болсо да Нена жакшы адам, бактылуу болушсун
+4
Tiken
2019-10-25 19:12:00
Бактылуу болушсун! Бирок Нена айым жогорку суротто вульгарно корунуп калыптыр...
-2
Bahabrat79
2019-10-26 10:33:26
Нена айымга фитнес менен машыгып, бир аз өзүнө көңүл бурушу керек болуп калыптыр
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан