Турсунали Рустамов ойногон "Худжанд" клубу Тажик чемпиондугунда күмүш медалынын ээси болду

Улуттук курама команданын жарым коргоочусу Турсунали Рустамов Тажик чемпиондугунда күмүш медаль тагынды. Ал ойногон "Худжанд" командасы чемпиондукта 2-орунду багынтты.

24-октябрда "Худжанд" өз үйүндө "Истаравшан" клубун кабыл алган. Оюн 3:1 эсебинде Рустамовдун командасынын пайдасына чечилген. Жыйынтыгында "Худжанд" 36 упай топтоп, чемпиондуктун күмүш медалын багынтты.

Тажикстандын чемпиону болуп "Истиклол" командасы аталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан