Майлы-Суу электролампа заводу сентябрь айында инвестициялык сынакка коюлат. Бул тууралуу Экономика министрлигинин Банкрот иштери боюнча департаментинин директору Болсунбек Казаков билдирди. Казаковдун айтымында, учурда сынакты өткөрүү үчүн атайын администрация иш алып барууда. Андан тышкары ишкананы кайрадан баалоо маселеси да актуалдуу бойдон турат. Былтыр бул ишкана 889 миллион сомго бааланган болчу.