Босния жана Герцеговинада өтүп жаткан кикбоксинг боюнча Дүйнө чемпиондугунда эки кыргыз спортчусу жарым финалга чыга алышты.
Жалпы 8 кыргыз спортчусу катышкан мелдеште экөө гана жарым финалга чыга алды. 57 килограмм салмакка чейинки категорияда Авазбек Аманбеков жана 67 килограмм салмакта Аброр Хакимов финалга чыгуу үчүн беттешке чыгышат.
Жарым финалдык беттештер бүгүн, 25-октябрда өтөт.
Лоу-кик
57 килограмм, 1/2 финал
Авазбек Аманбеков - Кристофер Робертсон (Мавритания)
67 килограмм, 1/2 финал
Аброр Хакимов - Димтар Пенчев (Болгария)