Япониянын экономика, соода жана өнөр жай министри шайлоочуларына коон, деңиз азыктарын бергендиги үчүн отставкага кетти

Япониянын экономика, соода жана өнөр жай министри Иссю Сугавара шайлоочуларына коон, деңиз азыктарын бергендиги үчүн отставкага кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Анда Япония министри шайлоо мыйзамдарын бузуп, Токио шаарындагы шайлоочуларга баасы кымбат коон, апельсин, кара жана кызыл икра таратканы айтылган.

"Иссю Сугавара жардамчысы аркылуу жакында эле каза болуп калган тарапташынын үй-бүлөсүнө 185 доллар берип жибергени да сынга кабылган. Мындан тышкары, шайлоочуларга көп жылдан бери кымбат баалуу буюмдарды берип келгендиги белгилүү болду. Япониянын мыйзамдары боюнча шайлоочуларга кандай гана формада болбосун белек берүүгө тыюу салынган. Эми ал өз каалоосу менен кызматтан кетти", - деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, 57 жаштагы Иссю Сугавара Орусия менен экономикалык байланышты өнүктүрүү боюнча куратор болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Jelezo
2019-10-25 19:08:35
Биздикилердин бетинен сатып алсаң болмок экен 5, 6 жыл тултуюп отура бермексин.
+3
Maero
2019-10-25 19:58:01
Акча бергенде камалып кетмек экен.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан