Аламүдүн районунда жасалма документтерди жасап жүргөн аял кармалды

Аламүдүн районунда алдамчылык кылмышына шектелип, 2008-жылдан бери издөөдө жүргөн аял кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Бишкектин 64 жаштагы тургуну Рано Шарипова кыймылсыз мүлктөргө жасалма документтерди жасап берип жүргөн. Ал мурун да “алдамчылык” беренеси боюнча бир нече жолу сот жообуна тартылган. Учурда бир нече адамдарга жасалма документ жасап берип, аларды алдагандыгы үчүн кылмышка шектүү №1-СИЗОго камалган. Тинтүү учурунда Ранонун жанынан өзүнүн өлгөндүгү тууралуу күбөлүк, 1958-жылы туулган Мадина Ашырбаевага таандык паспорт (24-июлда Бишкек шаарындагы батирге ишеним кат жазып берүүдө ал ушул паспортту колдонгон) табылган. Азыркы малда аталган жарандын башка кылмыш иштерине катыштыгы бар же жок экендиги такталууда. Эгерде бул жарандан жабыркагандар болсо (0312) 43-01-27 номуруна же “102ге” чалууну Чүй ОИИБи эскертет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан