Кикбоксинг боюнча Дүйнө чемпиондугу: Авазбек Аманбеков финалга чыкты

Босния жана Герцеговинада өтүп жаткан кикбоксинг боюнча Дүйнө чемпиондугунда Авазбек Аманбеков финалга чыкты.

Жалпы 8 кыргыз спортчусу катышкан мелдеште эки спортчу гана жарым финалга чыга алган. 57 килограмм салмакка чейинки категорияда Авазбек Аманбеков жана 67 килограмм салмакта Аброр Хакимов финалга чыгуу үчүн беттешке чыгышкан.

Бүгүн, 25-октябрда жарым финалдык беттеште Авазбек Аманбеков атаандашы Кристофер Робертсонду жеңип, финалга чыкты.

67 килограммда Аброр Хакимов Димтар Пенчевге (Болгария) жеңилип, коло байге ээси болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kitep
2019-10-25 23:30:20
Авазбек Алга!!!
Кыргыздын даңкын дуйнөгө даңазала!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан