Жалал-Абадда хирургдар бейтаптын жүрөгүнөн теннистин тобундай болгон тромб алып чыгышты

Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий борборунун дарыгерлери Жалал-Абадда бейтаптын жүрөгүнөн теннистин тобундай тромб алып чыгышты. Бул тууралуу өзүнүн жеке баракчасына профессор Калдарбек Абдраманов жазып чыкты. Анын билдирүүсүнө ылайык, топ формасындагы тромб дарыгерлердин тажрыйбасында биринчи жолу болуп жатат. Тромб улгайган бейтаптын жүрөгүнөн табылган.

"Негизи тромб түз эмес контурда болот. Менин оюмча, китептерде мындай топ түрүндөгү тромб болгон эмес. Биздин адистер азыр маалымат издеп жатышат. Бул тромб менен бирге биз бейтаптан митиралдык клапанды да алдык. Бейтаптын абалы жакшы, өзүн жакшы сезүүдө. Операциядан эртеси күнү аны палатага котордук", - деди Абдраманов.

Калдарбек Абдраманов 2014-жылы электр энергиясы өчүп калганда бейтаптын жүрөгүнө телефондун жарыгынын жардамы менен операция жасаган.

Жалал-Абадда бейтаптын жүрөгүнөн теннистин тобундай болгон тромб чыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Chungyz
2019-10-25 21:54:48
Бечаралар кашык менен болсо да иштеп жатышат
+6
Zhoro
2019-10-25 22:43:10
Ушундай тажрыйбалуу врачтан учурдагы жаш врачтар да сабак алышса деген менин каалоом Кыргыз врачтарына
+7
Altyn10076
2019-10-25 23:54:08
Болмок беле башкага үйрөтүп койсо пенсияга эрте чыгарып ийбейби жана ошондой эле сабашкасы жок калат ко.
-7
akmanai
2019-10-26 12:59:05
Адам омурун коркунучтан сактап калуу бул ото чон сыймык. Азамат ушундай врачтар коп болсун.
+1
cholpon.kushakova
2019-10-26 14:22:40
C Азаматсынар менде суроо бар эле менин укам 25 жашта эки путу тен тромп болуптур Бишкек те лечение алып атат эмне сеюептен пайда болот бул оору билгендер болсо маалымат бергилечи
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан