Интернет тармагына массалык мушташ чыккан учурда тартылган видео тарады. Анда мушташ той учурунда чыкканы көрүнөт. Мушташып жаткан адамдардын кыймылы даана көрүнбөгөнү менен аны карап турган кыздардын кыйкырыгы кимдир бирөөнү катуу сабап жаткандай ой калтырат.
Бул боюнча ички иштер органдарына кайрылганыбызда окуя Жалал-Абад облусунда болгондугун билдиришти. Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы ал жерде көпчүлүк болгондуктан абалды мушташка жеткирбей ортодогулар эки тарапты бөлүштүрүп калганын белгиледи.
"Мушташ ушул жылдын 19-октябрь күнү болжол менен саат 17:00 чамаларында Ноокен районуна караштуу Достук айылындагы "Шаркыратма" кафесинде болгон. Бул факты боюнча Таш-Көмүр шаардык жана Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барып териштирди.
Анда белгилүү болгондой, Аксы районунун Кызыл-Жар жана Таш-Көмүр шаарынын тургундарынын үйлөнүү тою өтүп жатканда, анын катышуучулары арасында мушташ чыккан. Мындан улам 25 жана 23 жаштагы 2 жаран ооруканага жеткирилип, кайра үйүнө чыгарылган.
Тасмада көрүнүп тургандай жаңжал массалык мушташка жеткен эмес, болгону эки тарапта тең көпчүлүк болушкан жана ортодо балдар ажыратып калышкан. Бирок эки тарап тең арыз жазуудан жана дарыгерлерге көрүнүүдөн баш тартышкан. Ошого карабастан, факты боюнча Ноокен РИИБи Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "Ээнбаштык" (266-берене) беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Учурда тергөө жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.