КСДПнын өкүлү Алга Кылычов үй камагына чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 25-октябрда SUPER.KG порталына Биринчи Май райондук соттун басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Алга Кылычов тергөө менен кызматташуу тууралуу макулдашууга кол коюп берген. Укук коргоо органы 22-октябрда аны үй камагына чыгаруу боюнча өтүнүч келтирген. Биринчи Май райондук сот өтүнүчтү канааттандырган.
7-августта Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы башталып, эл менен күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин ортосунда кагылышуу орун алган. 8-августта Атамбаев камакка алынган.