12-августта Нарын-Баетов унаа жолунун 19-чакырымында автокырсык болуп, 4 мектеп окуучусу каза тапса, экөөсү ооруканага жеткирилген. Нарын ОИИБинин Жол-кайгуул кызматынын башчысы Бакытбек Касымовдун айтымында, окуучулар чакан эс алуу уюштуруу үчүн шаар четине бара жатышып кырсыкка кабылышты. Каза болгондор: Абдыталип уулу Айбек, Сталбек уулу Тилек, Бакыт уулу Аскат, Таалайбек уулу Адилет. Ал эми автоунааны башкарып бара жаткан Таалайбек уулу Урмат менен Замирбек уулу Кайрат учурда Нарын облустук ооруканасында жатат.