Бүгүн, 25-октябрда композитор, ырчы, продюсер Эркин Мукашев "Биз Фрунзеденбиз" аттуу концертин берди. Анын сахнада жүргөнүнө 40 жылдын жүзү болду. Эркин Мукашевдин отчёттук концерти Бишкек шаарындагы Кыргыз улуттук филармониясында өттү.
Концертке "Инсан", "Элес" тобу, ырчы Юлия Руцкая, Кайрат Примбердиев жана башкалар келишти. Алар Эркин Мукашевдин калемине таандык чыгармаларды аткарышты. Залда отурган ырчынын күйөрмандарынын катарында анын апасы жана туугандары отурушту.