Орусияда 2000-жылдардын башында көрсөтүлүп, миллиондогон аудиторияга ээ боло алган “Слабое звено” телевикторинасы кайрадан эфирге чыкмай болду. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.
Ага ылайык, популярдуу телевикторина 2020-жылдын февраль айынан баштап көрсөтүлө баштайт.
“2000-жылдан баштап 5 жыл бою эфирден чыгып келген “Слабое звено” көрсөтүүсү бир гана Орусияда эмес, коңшу өлкөлөрдө дагы популярдуу болгон. Телевикторинаны алып барган синхрондук сүзүү боюнча Олимпиада чемпиону Мария Киселеванын образы жана фразалары көрсөтүүнүн популярдуулугун арттырган. Эми “Слабое звено” “Мир” телеканалынан эфирге чыга баштайт. Ал эми алып баруучусу алмаштырылгыс Мария Киселева болмокчу”, - деп айтылат маалыматта.
Маалым болгондой, “Слабое звено” телевикторинасы интеллектуалдык көрсөтүүгө кирет. Анда катышуучулар жалпы билим боюнча таймашып, жооп бере албагандар алсыз звено катары оюндан четтетилет.
2004-жылы алып баруучу Мария Киселева жазуучу Чыңгыз Айтматов тууралуу суроого жооп бере албай калган катышуучуну катуу сынга алганы маалым.