Кыргыз мушкери Кямран Аббасов беделдүү One Fighting Championship уюмунун чемпиондук курун тагынды

Кыргыз өлкөсүнүн мушкери Кямран Аббасов Индонезияда өткөн турнирде беделдүү One Fighting Championship уюмунун чемпиондук курун тагынды. Бул тууралуу аталган уюмдун сайтында жарыяланды.

Ага ылайык, Кыргыз спортчусу 77 килограмм салмактагы мушкер Себастьян Кадестан менен беттешкен. Ал атаандашын жеңип, Кыргыз өлкөсүнүн тарыхында беделдүү уюмдун курун тагынган алгачкы мушкер болду.

“One Championship — Dawn of Valor” аталышындагы турнир 2019-жылдын 25-октябрында орун алды. Кыргыз мушкери Аббасов менен атаандашы Кадестан беш раунд бою жекеме-жеке чыгып, жыйынтыгында Аббасов калыстардын чечими менен жеңишке жетти”, - деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, Кямран Аббасов буга чейин ММА боюнча 21 беттешти утуп, төрт ирет утулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
rysik79
2019-10-26 13:02:45
Жениши кут болсун мекендешибиздин. Улуту ким болду экен билгендер барбы экен?
+2
Majit1975
2019-10-26 14:08:36
rysik79,аты фамилиясына караганда азер го
+1
Aman_Mansurov
2019-10-26 16:36:46
rysik79, түрк
+1
Nazaralikarakulja
2019-10-26 21:07:33
rysik79,турк болот
+1
bekov01
2019-10-26 14:42:14
Болунбогон кишини дагы болосунорда ушундай арабызда добдурлор бар. Некыласынар улуту ким негизгиси журогу кыргыз екен башкалардай болуп еки желек алып чыгам деген жок. Еки желек алып чыгам дегендерди дагы ушинтип болуп жатып силер кыласынар негизи. Озун кыргыз деп есептеген учун кыргыздын атынан чыготат калганы зарыл емес
+4
urmat94
2019-10-26 15:58:18
bekov01,эки желек алып чыктыда))
+1
Aman_Mansurov
2019-10-26 16:36:06
bekov01, Турция менен Биздин желекти алып чыкты
+1
bekov01
2019-10-26 14:47:00
Куттуктайм кыргызстан! Кямран красавчик! Алга!
+1
Amantur_akjol
2019-10-26 16:26:22
Карышкырда канчалык алдаба эки козу койдо дегендей Кямран Аббасов дагы ошол сыяктуу Россия аракет кылды барибир кыргыздын атынан чыгып атат озун ойлогондо качан эле УФСге россиянин атынан чыгып аткан болот эле
+1
Nazaralikarakulja
2019-10-26 21:08:43
Кыргызстан дын атын чыгарып жатат молодец Мен Кыргызмын деп Калпак ты баса кийип журот дайыма молодец куттуктайбыз
+2
Patoshik1
2019-10-26 21:25:12
Откондо ле эмне деп жаттынар эле эки жуздуулор)))) "Бул кыргыз эмес,бизге кызыго жок ж.б"))))))Ден соолукта болгула))
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан