Жалал-Абадда уюлдук телефонун тартып алып тоноого шектелгендер кармалды (фото)

Ушул жылдын 26-сентябрында Жалал-Абад шаарында болжол менен саат 04:00 чамасында П.Т. аттуу жаранды “Юг-Сити” соода борборунун жанынан белгисиз 4-5 адам тоноп кеткен. Бул тууралуу Жалал-Абад ШИИБинен билдиришти.

1996-жылы туулган жаранды кебетеси азиялык болгон атуулдар эч себепсиз бет жагына бир нече жолу уруп, баасы 15 миң сомдук уюлдук телефонун тартып алышкан”, - деп маалыматта жазылат.

Бүгүн, 26-октябрда Жалал-Абад ОИИБи жана Жалал-Абад ШИИБинин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан кылмыш окуясына шектүү катары Сузак районунун тургундары 1997-жылы туулган М.Н., 1996-жылы туулган К.К., 1996-жылы туулган К.К. жана 1996-жылы туулган Т.Б. кармалышканы маалым болду.

Кылмыш окуясындагы далил буюм катары тонолгон уюлдук телефону алынып, аталган шектүүлөр тергөө мезгилинде кылмыш ишин жасагандыгын моюнуна алышкан. Учурда шектүүлөр соттун токтому менен үй камагына чыгарылганы маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан