Кыргыз курама командасынын Тажикстан жана Япония менен жакында Бишкекте өтчү оюндары күйөрмандарсыз өтүп калышы мүмкүн

Кыргыз курама командасынын Тажикстан жана Япония менен 14-ноябрда жана 19-ноябрда Бишкекте өтчү оюндары күйөрмандарсыз өтүп калышы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Футбол федерациясынан билдиришти.

"Азырка мезгилде биз мурунку оюнда болуп өткөн тартип бузуу боюнча ФИФАнын тартип жана этика боюнча комитетинин чечимин күтүп жатабыз. Эске сала кетсек, Кыргыз-Мьянма беттеши орун алып жаткан учурда оюн талаасына бир күйөрман чуркап чыккан. Бул окуя үчүн Футбол федерациясын жаза күтүп турат, кийинки өтө турган оюндар күйөрмандарсыз да өтүп калуу коркунучу бар", - деп жазылат маалыматта.

Футбол федерациясы күйөрмандарына билеттер боюнча маалымат 4-ноябрда өтө турган ФИФАнын тартип жана этика комитетинин отурумунан кийин гана белгилүү болорун кулак кагыш кылат.

Кыргыз-Мьянма беттеши учурунда күйөрман футбол талаасына чуркап чыгып, Павел Матяш менен учурашканга жетишкен. Бул жорук кыргыз футболуна чоң көйгөй жаратарын улуттук курамдын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин билдирген эле.

Буга чейин Австралия менен болгон оюнда да күйөрман талаага чуркап чыгып, анда Футбол федерациясына 28 миң доллар айып салынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
aerforce
2019-10-26 18:45:39
Дурайын ХХХХ чуркап
+5
shankol88
2019-10-26 18:48:09
Бизди Кыргыз деп койот,
Ушундай калк екенбизда...
-10
oroskulov1988
2019-10-26 19:18:40
Тартип сакчылары кунолу ошолордун милдети кайтарыш керек
+8
TalaCSKA
2019-10-26 19:29:04
Бир ХХХХ айынан ошончо куйорман жапа чекпеш керек деген ойдомун.акчалай айып салат болуш керек.ошол айыпты жанагы ХХХХ толотуш керек.
+9
TalaCSKA
2019-10-26 19:32:08
Видеолорду корсонор трибунадагы элдер да ошол малды колдоп ' ууу красавчик ' деп кыйкырып жатышкан жерлери бар.эхх эгер Япония менен Таджикистанды стадиондон корбой калсам жанагы ХХХХХ эки жолу 1,5 сааттан ХХХХХ чиркин !
+4
futboler
2019-10-26 19:35:46
Ошол ХХХХ таап штрафты төлөтүш керек.
+3
Kyrgyz_bloger
2019-10-26 20:34:57
Куйормандарсыз откоруу туура эмес биз северный Корея эмеспиз да,эвропада деле чуркап чыгып жатпайбы же голый кыздар чыкса боло береби?пивонун бутылкасын футболчуга ыргыткан учур болду го Ди Марияга ошондо да анчалык пустой стадиондо оюн жонундо соз болгон жок.
+2
jigit.paren
2019-10-26 20:50:17
Бир ХХХХХ айынан эмне деген азап тартып жатабыз, ошол ХХХХ сөзсүз жазалаш керек
+2
rysik79
2019-10-26 23:39:24
Стадионду талкалап эле киребиз го дегенге окшош комметарий да. Киргизбей корсунчу биринчи.
-1
Agayu
2019-10-27 00:45:02
Маданият ар бир инсан үчүн керек нерсе!! Маданият болсо өнүгүү , өсүү болот .
Жусуп Баласагун айткандай: Кедейлерде тарбия тартип болбойт , бирок ансыз эч бир ишиң бүтпөйт деген ыр саптары бар .Ойлонуп карасаңар ошол эң туура !!!
+1
Nestana95
2019-10-27 10:43:55
Хеехххх бир жолу футболго суранып атсам кундоп-тундоп,,,,,,,,,,, ПАТРИОТ сымалдардын айынан
+1
Kamchybek-007
2019-10-27 11:03:25
Блин бир ХХХХ айынан футбол көрө албай калабызбы?
+1
dair_17
2019-10-27 17:00:21
Менда Бишкекке болгон командировкамы ошол кундорго тууралап жаттым эле
+1
argen1991
2019-10-28 03:30:26
Озубузду туура жолго салалы
0
kanybek1986
2019-10-28 15:00:39
Куйормандарсыз жаман болотго билет алайын деп жаткам бир жаман адамдын артынан кыргызстан утулуп калышы мумкун он учунчу оюнчу жок болсо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан