Түркияда Кыргыз эл жазуучусу Асан Жакшылыковдун поэзия кечеси өттү

Түркиянын Анкара шаарында Кыргыз эл жазуучусу, акын, драматург жана котормочу Асан Жакшылыковдун “Ала-Тоо кайрыктары” аттуу чыгармачыл кечеси өттү. Бул тууралуу түрк телеканалынын сайтында жарыяланды.

Кечеге Кыргыз өлкөсүнүн Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев, Евразия жазуучулар союзунун төрагасы Якуп Өмероглу катышкан.

Кечеде Асан Жакшылыков ырларынан окуп берди. Андан тышкары, “Манас” эпосунан үзүндү айтылып, комузчулар күү чертти. Поэзия кечесинде кыргыз жана түрк тилдеринде ырлар окулду. Ошондой эле Асан Жакшылыков тууралуу баяндама жасалды”, - деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, Асан Жакшылыков кыргыз тили жана орус тилдеринде жазган жазуучу, Кыргыз маданиятынын эмгек сиңирген иш­ме­ри. Кыргыз элинин тарыхый баалуулуктарын калыбына келтирүүнү уюштурууга чоң салым кошкондугу үчүн Ормон хан юбилейдик медалы менен сыйланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан