15-сентябрдан бери Бишкек шаарынын Жеңиш аянтында күз жарманкеси өтүүдө. Бүгүн, 26-октябрда SUPER.KG порталынын кабарчысы аталган жарманкеге барып, гүлдөргө көз салып да, көз артып да келди. Жарманкедеги гүлдөрдүн баасы базарда сатылган гүлдөрдөн бир топ арзан экенине күбө болдук. Анткени аянтка ортомчулар эмес, өз колу менен рахаттанып гүл өстүргөн адамдар чыгышкан. Алардын бирөө Ирсалат Курманалиева бул тууралуу өзү айтып берди.
Ирсалат Курманалиева 15 жылдан бери өз үйүндө гүл өстүрөт. Жарманкеге ал 30дан ашуун гүлдөрдүн түрүн алып чыккан.
"Мен гүлдөрдү үйдө өзүм өстүрөм. Үй гүлдөрүн өстүрүп, алектенгениме 6 жылдан ашып калды. Короомдо күнөсканам бар. Ал эми короо гүлдөрүн өстүрүп келе жатканыма 15 жылдан ашуун убакыт болуп калды. Мен базарда гүл сатып соода кылбайм, үйдө элемин. Бирок жарманкелерди калтырбай, катышып турам. Жарманкеден сырткары соода кылсам деле болмок. Бирок базарлардан орун табуу түйшүктү талап кылат. Мындан улам мен жарманкелерге эле гүлдөрүмдү жакшы өстүрүп, аларды карап чыгып катышып турам", - деди Курманалиева.
Мындан сырткары, каарманымдын короосунан кадимки лимонду дагы кезиктирүүгө болот. Ал лимондон жакшы мөмө алып, андан чай кылып ичип, көчөттөрүн сатып, акча кыла турганын айтты.
"Сегиз жыл мурун лимондун чоң көчөтүн сатып алганбыз. Жылына лимонду бутап, көчөт алып турабыз. Лимондун сорту "павлодар" деп аталып, ал мөмөнү жакшы берет. Мөмөсү өтө чоң эмес, орто болот. Лимон 8-9 айда бышат. Бышкан лимонду өзүбүз чай кылып ичебиз, ал эми көчөттөрүн сатабыз", - деди ал.