Нур-Султан менен Алматы шаарында митингге чыккан 26 адам кармалды. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, кечээ, 26-октябрда аталган шаарларда мыйзамсыз митингдер болгон. "Башкы прокуратура мыйзамсыз митингге чыккандарга административдик чара көрүлөрүн билдирди. Митингге чыккандардын кээ бири саясий туткундарды бошотууну талап кылса, айрымдары Казакстандын аймагына Кытай менен биргелешкен ишкананын ачылышына каршылыгын билдирген", - деп жазылат маалыматта.