Казакстандын Алматы шаары Борбор Азиядагы кылмыштуулуктун деңгээли боюнча биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыкты.
Ага ылайык, бул изилдөөнү казак аналитикалык борбору жүргүзүп, ал үчүн 40 шаар тандалып алынган.
"Кылмыштуулук боюнча рейтинг ар бир шаарда катталган кылмыш жана жоруктардын санына карата аныкталды. Изилдөөдө шаарлардагы калктын саны дагы эске алынды. Ошентип кылмыштуулуктун саны боюнча Алматы шаары тизменин сап башына чыккан. Ал эми эң коопсуз шаарлардын катарын Ашхабад, Тбилиси жана Өзбекстандын бир нече шаарлары толуктаган", - деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, изилдөөдө шаарлардагы инвестициянын көлөмү, айлана-чөйрөнү коргоо, миграциянын жогоруулугу жана башка индикаторлор боюнча дагы рейтинг жүргүзүлгөн.