Бүгүн, 27-октябрда саат 11:29да Кытайдын аймагында очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жер титирөө Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда 3 баллга чейин сезилди. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.