Көк бөрүчү Сейитбек Анарбек уулу уулдуу болду. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына кабарлады.
"Бүгүн, 27-октябрда саат 12:30да уулдуу болдум. Балам 3 килограмм 200 грамм салмакта төрөлдү. Бою 52 сантиметр. Азырынча уулума ысым тандай элекпиз", - дейт ал.
Сейитбек Анарбек уулу жубайы Айпери Руслан кызы менен баш кошуп, жашап келе жатканына 10 жылдын жүзү болду. Жубайлар бир кыз, бир уулду тарбиялап келишкен.