"Жер сулуусу-2019" дүйнөлүк сынагынын жеңүүчүсү аныкталды

26-октябрда Филиппинде "Жер сулуусу-2019" дүйнөлүк сынагы өттү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, сынакка 85 өлкөнүн өкүлү катышкан. "Жер сулуусу-2019" сынагында баш байгени Пуэрто-Рикодон барган 21 жаштагы Нэллис Пиментель жеңди. Ал эми 2-орунду АКШлык Эмани Дэвис, 3-орунду чехиялык Клара Ваврушкова алды.

“Жер сулуусу” сынагы – дүйнөдөгү белгилүү сулуулук сынактарынын катарына кирет. Анын негизги максаты – коомчулуктун көңүлүн айлана-чөйрөдөгү көйгөйлөргө буруу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
rysik79
2019-10-27 17:53:14
Жармагулдордун суроту жок го?
+1
NIkalike
2019-10-28 10:59:56
"Аалам сулуусу", "Дуйно сулуусу", "Евразия сулуусу". Мамлекет... чыгыш.... батыш... интернет... кыскасы баары бутуп ЖЕР сулуусу калыптыр да))) Жакшы бизнес.
+3
sinej
2019-10-28 11:18:44
Бизде да сулуу кыздар коп болсун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан