"Ислам мамлекети" уюмунун лидери Абу Бакр ал-Багдадини жок кылуу боюнча АКШнын операциясына 8 учак катышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, 27-октябрга караган түнү операция Сириянын Идлиб провинциясында болгон. Абу Бакр ал-Багдадини жок кылуу боюнча операция 4 саатка чейин созулду. Андан имарат толугу менен талкаланып, 7 адамдын сөөгү табылды. Үч эркек, үч аял жана бир жаш бала көз жумган. Айрым чет элдик маалымат каражаттары Абу Бакр ал-Багдади өлтүрүлгөнүн жазышууда. Бирок анын өлтүрүлгөнү боюнча расмий маалымат жок.