Баткен облусунун чек арачылары баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери менен бирге эки тургунду кармады. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тургундардын үйүн тинтүүдө 600 литрден ашык баңгизат табылган. Бул факты боюнча тийиштүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жарандар жана баңгизат атайын кызматка өткөрүлүп берилген. Учурда тергөө иштери жүрүүдө деп жазылат маалыматта.