Бишкекте Фрунзе жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде "Тез жардам" кызматынын унаасы менен Toyota Camry унаасы сүзүшкөн. Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 27-октябрда саат 07:30 чамасында болгон.
Маалыматты шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тастыктап, учурда жол кырсыгы боюнча тийиштүү иштер жүрүп жатканын билдирди.
Кошумча маалымат берилет.