Хабиб Нурмагомедовдун менеджери америкалык спорттук уюм болгон Bellator'дун мушкери Эй-Жей Агазарм менен кызыл чеке болуп урушуп кетти. Бул тууралуу Агазарм өзүнүн Твиттер баракчасына жазып чыкты.
Анда ал "MMA'нын эң чоң акмагы" деген оюн айткан.
"UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун менеджери Али Абдель-Азиз ири жаңжалдын чордонунда калды. Америкалык мушкер Эй-Жей Агазарм Нурмагомедовдун менеджеринен камера астында кечирим суроону талап кылган. Өз кезегинде Али Абдель-Азиз ага макул болбой Агазармдын кол телефонун тартып алган", - деп айтылат маалыматта.
Бирок чырдын эмне себептен чыкканы айтылган эмес.
Маалым болгондой, социалдык баракчадагы колдонуучулар бул окуянын айынан эки жаат болуп бөлүнүп, айрымдары бири-бирин урушка чакырганга үлгүргөн.