Жалал-Абад шаарында 27-октябрда өлкө Кубогунун финалы өтүп, анда Кочкор-Атанын "Нефтчи" клубу "Дордой" менен кез келди.
Оюн "Курманбек" стадионунда өтүп, кочкор-аталык команда 1:0 эсебинде утуп алышты. Жалгыз голду Азамат Өмүралиев 64-мүнөттө киргизди. Муну менен "Нефтчи" өз тарыхында алгачкы ирет өлкө Кубогуна ээ болду.
Буга чейин "Нефтчи" 2010-жылы чемпион болгон. Ал командада азыркы Улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин ойногон.
Эми "Нефтчи" 2020-жылы Азия футбол конфедерациясынын Кубогу үчүн квалификациялык оюндарга катышат.