Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду сотко күчтөп алып барышты, бирок ал конвойлордун бөлмөсүнөн сот залына кирүүдөн баш тартып жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жактоочу Замир Жоошев билдирди.
Жактоочу Исаковду мажбурлап алып келүүдө мыйзам бузулганын дагы белгилеп өттү.
"Сот мыйзам талаптарын бузуп жатат. Бул жерде Исаков эле эмес, башка сотко катыша турган айыпталуучулар дагы бөлмөдө кармалууда. Алар эң негизги эки күбөнү дагы суроону талап кылышууда. Анткени баары ошол эки күбөгө шилтеме берген. Ошондуктан Хафизов жана Асанова деген эки күбө алынып келинүүсү талап кылынууда. Эмне үчүн алардын сотко келүүсүн камсыздабай жатышканы бизге дагы белгисиз болууда", - деди Жоошев.