Бишкектеги WEF Гран-при мелдешинде Кыргыз өлкөсүндөгү эң мыкты мушкер аныкталып, жеңүүчүгө унаа тапшырылды

27-октябрда Бишкекте эрежесиз уруш боюнча WEF GRANDPRIX мелдеши өтүп, анда Кыргыз өлкөсүнүн эң мыкты делген 57 килограмм салмак категориясындагы мушкерлер чогулду.

Жалпы 20дан ашык мушкерлер катышкан мелдеште беттештер кызуу өттү. Беттештердин жыйынтыгында финалга Арген Маратбек уулу менен Рыскулбек Ибраимов чыгышты.

Финалдык беттеш кызуу жүрүп, 3 раунддук беттеште жеңүүчү аныкталган жок. Кошумча берилген раунддун жыйынтыгында Ибраимов жеңүүчү аталды.

Мелдештин жеңүүчүсүн Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков куттуктап, чемпиондук курду такты. Уюштуруучулар тарабынан чемпионго Тойота Камри 50 үлгүсүндөгү унаа тапшырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан