Нарын облусу боюнча 29 гана Жол-кайгуул кызматынын кызматкерлери иштөөдө. 12 кызматкер өткөн айларда болгон аттестациядан өтпөй калышты. Нарын районунда жол кырсыктары көп болуп жаткандыктан, Кочкор районунан бир МАИчи убактылуу иштөөгө чакырылган. Маалыматты Нарын ОИИБинин Жол-кайгуул кызматынын башчысы Бактыбек Касымов билдирди. 2013-жылдын 7 айында облуста 63 жол кырсыгы катталып, 29 адам каза тапса, 99 адам жаракат алган. Бул көрсөткүч 2012-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жол кырсыктарынын 5 пайызга, андан каза тапкандардын 15 пайызга, жаракат алгандардын 16 пайызга өскөндүгүн билдирет.