Спорттук жана бал бийи боюнча өткөн эл аралык мелдеште кыргыз бийчилери байгелүү орунга ээ болушту. Тагыраагы, Артём Семеренко жана Валерия Качалко эл аралык мелдеште күмүш медаль тагынышты.
Спорттук жана бал бийи боюнча "WDSF World Open-2019" эл аралык мелдеши Украинанын Киев шаарында 19-20-октябрь аралыгында өткөн. Иш-чарага жалпысынан 15 өлкөдөн 49 жуп катышкан.
Анда чоңдор арасындагы латина бийи боюнча таймашта кыргыз бийчилери Артём Семеренко менен Валерия Качалко жакшы жыйынтык көрсөтүп, финалдык бөлүктө экинчи орунду багындырышты. Ал эми биринчи орунду Румыниядан келген жуптар алса, үчүнчү орун германиялык бийчилерге буюрган.
Артём Семеренко жана Валерия Качалко буга чейин бир нече жолу чет өлкөдө өткөн эл аралык турнирлерде алдыңкы орундарды багындырып келишкен.