Эдгар Бернхардттын командасы Малайзиянын Кубогунун финалына чыкты

Улуттук курама команданын футболчусу Эдгар Бернхардттын командасы Малайзиянын Кубогуна чыкты. Ал ойногон "Кедах" клубу жарым финалда "Паханг" командасы менен кез келген.

Эки команданын алгачкы оюну 3:3 эсеби менен жыйынтыкталган. Жооптук беттеште дагы 3:3 эсеби катталып, кошумча убакыт берилген. Анда жарым саат ичинде эки команда дагы 4 гол киргизип, оюн эсеби 5:5 менен аяктаган.

Бул жыйынтык менен "Кедах" финалга чыгууга жолдомо алды. Финалда 2-ноябрда Жохор командасы менен ойнойт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан