Бүгүн, 28-октябрда Венгриянын Будапешт шаарында күрөш боюнча 23 жашка чейинки спортчулар арасында Дүйнө чемпиондугу старт алды.
Мелдештин алгачкы күнүндө эркин күрөш боюнча 5 салмак категориясында беттештер башталды. 65 килограмм салмакта Кыргыз балбаны Эрназар Акматалиев жарым финалга чыкты.
Ал 1/16 финалда жүрүшүн баштап, орус балбанын 16:6 эсебинде жеңди. Кийинки баскычта америкалык балбан менен күрөшүп, упайлар эсебинде утуп алды. Акматалиев чейрек финалда венгриялык балбандан күчтүү болду.
1/16 финал
Эрназар Акматалиев — Руслан Жендаев (Орусия) — 16:6
1/8 финал
Эрназар Акматалиев — Селсор Эйрман (АКШ) — 13:13, акыркы ыкманын эсебинде Акматалиевдин жеңиши
1/4 финал
Эрназар Акматалиев — Роман Ашарин (Венгрия) — 14:6
Жарым финалда кыргыз балбаны япон же украин балбаны менен кез келет.