"Жебе" тобунун мурдагы ырчысы Минур Алтынбеков менен жубайы Жазгүл уулу Алиханга жентек той берип жатат. Той бүгүн, 28-октябрда борбордогу тойканалардын биринде өтүүдө.
Анда актриса Альбина Имашова алас менен тойдун ачылышын жасады. Андан соң кыргыздын салтын даңазалап, наристени бешикке бөлөө ырымы орун алды. Таенеси даярдап келген бешикке бөбөктү бөлөп, чачыла чачылды.
"Жубайым экөөбүздүн биринчи жакшылыгыбыз болуп жатат. Кубанып жатабыз, бир аз толкунданып дагы жатабыз. Тойго жакын туугандарыбыз, жоро-жолдошторубуз болуп, жалпысынан 150дөн ашуун конок келди. Уулубуздун күндөн-күнгө кылыктары чыгып жатат", - дейт той ээси.
Ал эми ырчынын жубайы Жазгүл айым баласы торолуп калганын, эне-баланын ден соолуктары жакшы экенин кошумчалады.
Тойго ырчылардан Гүлнара Кахарова, Аваз Акимов, Айдана Дека, Данияр Эрматов, Аида Кулуева мындан тышкары, эки жаштын өкүл ата, өкүл апасы Кенже Дүйшеева жолдошу менен келишти.
Минур Алтынбеков сүйүктүүсү Жазгүл менен 2018-жылдын сентябрь айында үй-бүлө курган. Түгөйлөр 2019-жылы 21-июлда уулдуу болушкан.