УКМК: "Террордук уюмдун лагеринен атайын даярдыктан өтүп, башчысынын тапшырмасын аткарганга келген деген шек менен 25 жаштагы жаран кармалды"

18-октябрда УКМК жана ИИМдин биргелешкен ыкчам-иликтөө иш-чараларында 25 жаштагы Д.А. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө тыюу салынган эл аралык террордук уюмдардын катарына рекруттарды жөнөтүү каналдарына бөгөт коюу максатында жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын алкагында шектүү жаран кармалган. Маалыматтар боюнча, Д.А. эл аралык террордук уюмдун лагеринен атайын даярдыктан өтүп, башчысынын тапшырмасы боюнча террордук иш-аракеттерди аткаруу максатында Кыргыз өлкөсүнүн аймагына келген.

"2016-жылдан бери Д.А. аттуу жаран "Жалданмачылык" беренеси боюнча издөөдө жүргөн. Кармалган адам Жалал-Абад ОИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
interpol
2019-10-29 07:56:47
Эгер чын эле ошондой терорист болсо атып салыш керек
+6
sinej
2019-10-29 10:28:29
Жалган диний создорго уулангандар аман эле болгулачы.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан