Коста-Рикада туристтерге жапайы жаныбарлар менен "селфиге" түшүүгө тыюу салынат

Коста-Рикада туристтерге жапайы жаныбарлар менен "селфи" кылууга тыюу салынат. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышты.

Маалыматта жазылгандай, Коста-Рикада Айлана-чөйрөнү коргоо министрлиги туристтерге жапайы жаныбарлар, канаттуулар менен сүрөткө түшүүгө тыюу салууну пландап жатат. "Биз туристтерден жапайы жаныбарларды сүрөткө түшүү үчүн тамактандырбоону жана кармабашын суранабыз" деген министрликтин билдирүүсүндө.

Айта кетсек, дүйнө жүзүндөгү туристтердин көпчүлүгү Борбордук Америкадагы улуттук сейил бакка келип кетишет. Алар түрдүү канаттуулардын, маймылдарды жана башка жаныбарларды көрүү үчүн келишет. Ал эми алар менен сүрөткө түшүү жаныбарларды стресске кабылтып, кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүн деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Farra16gsin
2019-10-29 10:40:01
Жапайы жаныбарларда стресс болот бекен э инфаркт болушпайт бекен иши кылса?
-5
Aikaaaa
2019-10-29 13:10:43
Бизде сүрөткө түшмөк тургай атканга уруксаат берилип жатсабы ((( байкуш жаныбарлар
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан