Быйылкы жылдын 9 айында өлкөдө 4964 жол кырсыгы катталып, беш жүздөн ашык адам каза болгон

2019-жылдын 9 айында республиканын аймактарында 4694 жол кырсыгы катталган. Анда кырсыктын кесепетинен 529 адам каза болуп, жаракат алгандардын саны 7265ге жеткен. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 12,3 пайызга жогорулаган. Бул тууралуу кечээ, 28-октябрда ИИМдин 9 айдагы ишмердигинин жыйынтыгы боюнча коллегиясында айтылды.

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча унаа паркы 2010-жылдан тартып өлкөдө 3 эсеге көбөйүп, бүгүнкү күнү 1 миллион 348 миң унаа бар.

Республиканын жолдорундагы авариялык абал калк жыш жайгашкан ири аймактарда болгон. Мисалы, Бишкектин көчө-жол тармагы 40 миң автоунаага эсептелген. Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча, бүгүнкү күнү 420 000 бирдик автоунаа бар. Бул 10 эсеге өстү дегенди түшүндүрөт.

Бишкек-Торугарт менен Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолдору 7000 автоунаа каражаттарына туура келсе, жайкы маалда 40 000 автотранспорт каражаттары бир күн ичинде өтөт. Ушуга байланыштуу жол-транспорттук кырсыктардын саны өскөндүгү байкалат.

Андан сырткары, жол транспорттук кырсыктар айдоочулардын тажрыйбасынын жоктугунан жана жол кыймылынын эрежелерин билбегендиктен болот. Жыл сайын республикада 65-70 миң жаран авто каражаттарын башкаруу үчүн күбөлүк алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан