Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгын кечээ, 28-октябрда өткөн коллегияда сындады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Анда министр башкы башкармалык алдын ала иш-чараларды өтө төмөн уюштургандыктан, жол кырсыктарынын саны өсүп жатканын айткан. "Качанга чейин уюштуруу иштерин колго албай, жарандардын коопсуздугун ойлобой келебиз. Канчалаган жарандарыбыз жол кырсыгынан каза болуп, канчасы жаракат алууда. Бул багытта кескин чараларды көрүү керектигин эскертемин", - деди министр.
Коллегиянын жыйынтыгы менен бир катар жетекчилерге эскертүүлөр берилип, жыл жыйынтыгы менен алардын ишмердүүлүгү карала тургандыгы баса белгиленди. Ал эми ИИМдин жол коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынын жетекчиси ээлеген кызмат ордуна ылайыксыздыгы эскертилип, кыска мөөнөттө ишти колго албаса мындан да катуу чаралар көрүлө тургандыгы айтылды.
Ошондой эле кызматтык милдеттерди аткарууда жер-жердеги ички иштер органдары тарабынан кылмыштын бетин ачууда, баңгизаттарга каршы күрөшүүдө жыйынтыктар жакшы болбой жаткандыгы айтылып, ИИМдин кызматтык жетекчилери жана региондордогу жетекчилерге эскертүү берилди.
Коллегияны жыйынтыктап жатып, министр Жунушалиев келтирилген кемчиликтер тез арада оңдоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүсүн баса белгилеп айткан.