Москвада 25-октябрда Валентина Дрейко аттуу аял 1986-жылдан бери көрбөй калган балдарын таап, жолукту. Бул тууралуу Орусиядагы “Жди меня” берүүсүндө көрсөтүлдү.
Анда Дрейконун балдарын 1986-жылы камкордук органынын кызматкерлери алып койгону айтылган.
“Студент кезде Коми Республикасында өзүнүн аскердик кызматын өтөп жургөн жигит менен таанышып, баш коштук. Улуу балабыз Рустам төрөлгөндөн кийин 1977-жылы жолдошум кызматын өтөп бүтүп, Тажикстанга көчүп кеттик. Ал жактан Зарина аттуу кыздуу болдук. Бирок мен үчүн Тажикстанда жашоо оор болду. Балдарды алып, Орусиядагы Ухту айылына кетип калгам. Бирок депрессиянын айынан ичимдикке берилип кеттим. Ошол себептүү балдарымдан ажыратып коюшту. Кийин балдар үйүнө аларды издеп барганымда суук кабар угузушту. Көрсө балдарды ал жактан жолдошум алып кетиптир. Мага атайын эле калп маалымат айтып коюшуптур”, - деди ал.
Балдарынын аман-эсен экенин сезген эне “Жди меня” көрсөтүүсүнө кайрылып көрүүнү чечкен.
Ошентип 2019-жылдын 25-октябрында Валентина Дрейко 33 жыл мурун жоготкон балдарына жолугуп, сүйүнүчтөн көз жашын тыя албай турду.