Ош шаарындагы мейманканалардын биринин алдына 6 айлык наристени апасы күйөөсүн коркутуп коюу максатында таштап кеткен. Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Териштирүү иштеринде иштин курамында кылмыштын жоктугу аныкталып, иш өндүрүштөн кыскартылды. Маалыматты Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Буга чейин Ош шаарында мейманканалардын бирине ташталган ымыркайдын атасы делген 25 жаштагы жаран сурак берип, анда "бала меники эмес" деп айтканы жазылган.
Окуя 15-октябрда болгон. Анда шаардагы мейманканалардын биринин кызматкери милицияга эшикте 4-5 айлык наристени таштап кетишкени боюнча кабар берген. Окуя катталган жерге ыкчам-тергөө тобу барып, наристенин аты-жөнүн тактап, ал ушул жылдын май айында төрөлгөнү аныкталган.